Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Базаркоргондук пахтакерлер өкмөттөн көмөк сурашты


Премьер-министр Темир Сариевдин бүгүнку Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарында Базар-Коргон районундагы “Cotton Textile Factory” пахта тазалоочу заводунда болду. Пахта иштетүүчу компания жетекчилери өкмөттөн пайызы төмөн насыя берүүнү суранышты. Завод директору Майрамбек Турдиев банктардан төмөн пайыз менен насыя алууда кыйынчылык жаралып жатканын айтып, өкмөт башчыны ишкерлерди колдоого чакырды.

Сариев пахта заводдордун бул маселеси караларын, кыргыз-орус биргелешкен өнүктүрүү фондунан көмөк берилерин убада кылды.

Район аймагында быйыл 3 миң гектар аянтка пахта эгилип, андан 10 миң тоннага жакын түшүм жыйноо пландалган. Аймактагы 5 пахта иштетүүчү завод "ак алтындын" килограмын 40 сомдон алып жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG