Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Йенс Столтенберг Орусиянын согуштук аракеттерине кабатыр


НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Сириядагы аба күчтөрү аркылуу соккуларынан улам олуттуу кабатырлануусун билдирди.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук министрлеринин 8-октябрда Брюсселде өтчү жолугушуусунун алдында сөз сүйлөгөн Столтенберг, кокус Орусия согуштук аракеттерин дагы арттырса анда Түркия сыяктуу альянстын мүчөлөрүн коргоого алышарын ырастады.

Ал өз сөзүндө “НАТО акыркы окуяларды уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун баалоо менен тийиштүү чара көрөт”, деди.

Орусия Сириядагы согушкерлерге 30-сентябрдан тарта абадан соккуларды ура баштагандан тарта Түркия менен АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG