Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Кыргыз-тажик чегинде буулган жол ачылды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Аксай айылынын аймагында буулган жол ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болотбек Кундузов кабарлады. Күч кызматкерлери чыр чыккан жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин топтолгондор тараган. Кундузов жабыркагандар жок экенин кабарлады. Ортолук жол бүгүн түштөн кийин жарым сааттай тосулду.

Маалыматка караганда, Тамдык жолунун курулушуна бараткан ишчилерди тажикстандыктар жолдон өткөрбөй койгон. Буга жинденген кыргыз тараптагылар алардын Ворух-Исфара жолун бууган.

Облустук милиция 20дай адам топтолгонун билдирген.

Кыргыз-тажик чегинде бир катар такталбаган жерлер бар. Эки өлкө жарандары тигил же бул мамлекеттердин айылдарын аралап тирилик кылгандыктан, жолго байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат. (SE)

XS
SM
MD
LG