Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Футбол: кыргыз-тажик беттеши 2:2 менен аяктады


Бишкекте өткөн Кыргызстан-Тажикстан футбол беттеши 2:2 эсеби менен аяктады. Эсепти кыргыз тарап кошумча 4 мүнөттүктө 11 метрлик айып аянтчасынан теңешти. Тажик оюнчулары 2-таймда, атап айтканда 66-мүнөттө жана андан көп өтпөй 11 метрлик айып аянтчасынан Кыргызстанга гол киргизишкен. Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков болсо, оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизген болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешет. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG