Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Бишкекте 5 миллион сом уурдаган киберкылмышкерлер тобу колго түштү


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 20-25 жаштагы европа улутундагы жарандардын тобу атайы жабдуунун жардамы менен жарандардын банк эсебинен акчаларын уурдап жүргөн деп шектелүүдө.

Алар интернет аркылуу Украинадагы кылмыш топтору менен байланышып, мыйзамсыз жасалган жабдууну алдырып, аны менен иштөө үчүн окуудан өтүшкөн. Бул жабдуу банкоматтардын картаны кабыл алуучу шайманына окшоп кетет жана ал кардардын картасынын ПИН кодун аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Укук коргоо органдары киберкылмыштын бул түрү мурда Кыргызстанда катталбаганын билдирүүдө. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр уурдалган акча каражатын нак акчага айлантуу үчүн Индия, АКШ, Орусия, Казакстан, Украина мамлекеттериндеги криминалдык элементтер менен байланыштарынын бардыгы белгилүү болду.

Үч айлык изилдөө иштеринин жыйынтыгында 23 жана 22 жаштагы Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Күч кызматкерлери мындай кылмыштан жабыркагандарды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 0 312 48 63 94, 0 703 333 330 номуру боюнча кайрылууга чакырат. (AzK)

XS
SM
MD
LG