Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Илмияновдун Уран Ботобеков боюнча арызын шаардык сот да күчүндө калтырды


Саясатчы, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Уран Ботобеков шаардык соттун чечимин саясий буюртма катары баалап, алар тарабынан келтирилген жүйөөлөрдү шаардык сот эске албаганын белгиледи. Ал эми Жогорку сотко кайрылганы жатат.

Ушул жылдын 7-июлунда Свердлов райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун арызын канааттандырып, Ботобековду 1 млн. 800 миң сом доого чыккан.

Ага Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу "Кабар ордо" сайтына берген сын маеги негиз болгон. Илмиянов ал маек “кадыр-баркыма шек келтирди” деп доомат арткан. Ботобеков жана анын таламдаштары сот чечимин сөз эркиндигин муунткан саясий буйрутма деп баалашууда. Мындан улам Ботобековду коргоо комитети түзүлүп, доону төлөө үчүн 7 сомдон чогултуу акциясы башталган. Ушуга чейин 195 500 сом чогулган. Бирок оппозиционер Илмияновдун доосун төлөөгө чамасы чак экенин билдирген.(AzK)

XS
SM
MD
LG