Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлиги аркылуу болгар сотунун чечимин сурап Болгарияга кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” көзөмөл органдын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов билдирди.
Кечээ маалымат каражаттары Болгариянын соту Хоменюкту Кыргызстанга бербөө чечимин кабыл алганын, аны экстрадициялоо үчүн кыргыз прокуратурасы жетиштүү документтерди бербегени тууралуу жазып чыгышкан.
Башкы прокуратура буга чейин жемкорлукка шектелип, эл аралык издөөгө алынган, Болгариянын аймагында кармалган Леонард Хоменюкту Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо боюнча Болгариянын тийиштүү органдарына кайрылган болчу.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонард Хоменюкту Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айыптап, былтыр 2014-жылдын сентябрь айынан тарта издөөгө алган.(AzK)