Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Москвадагы кыргыз жараны Гиннес китебине кирди

Алтынбек Бекмуратов
Алтынбек Бекмуратов

26 жаштагы Алтынбек Бекмуратов шахмат тактайына 70 см. бийиктиктеги 32 фигураны 1 мүнөт 44 секундда тизип, Гиннестин китебиндеги рекордду жаңыртты. Бир жарым жылдан бери Москвада вентиляция орноштуруу иштери менен алек болуп келген Алтынбек дем алыш күнү үй-бүлөсү менен эс алууга чыгып, кокустан таймашка катышып, жеңүүчү болуп чыккан.

«Байгеге эч кандай акча утпасам дагы, мындай жеңиштин даамын татып көрүү керек», - дейт жеңүүчү. 

4-октябрда Москвадагы Кунцево соода түйүнүнүн ачылышында өткөн бул таймашка эки минден ашуун адам катышкан.( LzT)

XS
SM
MD
LG