Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Ноокатта бүгүн да Алма фестивалы өтүп жатат


Алма фестивалы
Алма фестивалы

Бүгүн Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылында алма фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Жармаңкеде алманын 30дай түрү көргөзмөгө коюлуп, багбандар эки тоннадай алманы калың элдин алдына жайды. Буга катар ар кандай оюн-зоок жана ыр-бийлер да тартууланат. Алма фестивалынын алкагында тегерек стол өтүүдө. Ага айыл чарба департаментинин, мөмө-жемиш питомниктердин, биолаборатория өкүлдөрү жана багбандар катышып, региондо багбанчылыктын өнүгүшүн талкуулашууда.

Фестивалга Айыл чарба министрлиги, консалтинг компаниялар, ишкерлер,бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп, жалпы миңден ашык катышууда. Ошондой эле Казакстан, Түркия жана Кытайдан да бизнесмендер келди. Фестиваль “Компаньон” финансылык компаниясынын демөөрчүлүгү менен өтүүдө.

2006-жылдан бери Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүк регионунда экинчи жолу уюштурулууда. Өткөн жылы фестиваль Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG