Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

АКШ Конгресси мунай экспортуна тыюуну алып салууну колдоду


Жума күнү Конгресс өкүлдөрү америка мунайын кырк жылга чейин экспортоого тыюуну алып салуу боюнча добуш беришти. Анда мыйзам долбооруна 261и макул, 159у каршы болду.

Мунайды экспортоого каршы мыйзам долбоору 70-жылдардын орто ченинде киргизилген. Америкалык мунай компаниялары рынокту кеңейтүү үчүн сыртка ташууга тыюуну алып салууну колдоп жатышат. Ал эми Обама админстрациясы тыюу салууну күчүндө калтырууну каалайт. Ак үй тыюуну алып салуу мунай компаниялардын кирешесине анчалык таасир этпейт деп эсептейт. Жаңы мыйзам долбооруна каршы болгондор мунайды сыртка ташуу менен өлкө ичинде күйүүчү майдын баасы кымбаттарын айтышууда.

Учурда мыйзам долбоору Конгресстин төмөнкү палатасында жактырылды. Эми аталган долбоор жогорку Сенатка жөнөтүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG