Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

11-октябрга карата аба ырайы


Баткен
Баткен

Кыргызстанда 11-12-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Аба ырайынын өзгөрүшү айыл чарба жумуштарына тоскоол болушу ыктымал. Бул апта ичи Кыргызстанда аба ырайы адаттан тыш ысып, күндүзгү орточо температура 33 градуска чейин жетти.

11-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,

Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21 градус болот.

Бишкекте 11 - октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 7-12 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 9…11 градус, күндүзгү температурасы 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG