Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Тажикстанда Сирияга азгырган деген шек менен эки кыргыз жараны кармалды


Тажикстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кармалган кыргызстандыктар тажик жарандарын Сирияга үгүттөгөн. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында алар тажик жарандарын Бишкекке алып чыгып, бул жактан Түркия аркылуу Сирияга кетирмек.

Тажикстандын Согди облусунун милициясы тарабынан кармалгандар Баткен облусунун Жахонгир Курмишев менен Каныбек Ниманов аттуу тургундары. Алар 25-сентябрда чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп Дахан айылынан үч аялды балдары менен Сирияга жөнөтмөк.

Кыргызстандык жарандарга карата аталган өлкөдө кылмыш иши козголуп. учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Азырынча кыргыз тараптын күч органдары бул боюнча маалымат тарата элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG