Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат


Беларустагы бардык шайлоо тилкелери эртең мененки саат 8де ачылды. Мамлекет башчы болуу үчүн төрт киши ат салышууда. Алар - Либерал-демократтар партиясынын башчысы Сергей Гайдукевич, “Чындыкты сүйлө” деп аталган жарандык кыймылдын башчысы Татьяна Короткевич, Патриоттор партиясынын лидери Николай Улахович жана азыркы президент Александр Лукашенко.

Өнөктүккө 900дөн ашуун эл аралык байкоочулар көз салууда.

Мурдараак оппозиция өкүлдөрү бул ирет да Лукашенко тактыны эч кимге бербейт деп, шайлоону бойкот кылууга чакырган.

Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарат. (SE)

XS
SM
MD
LG