Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Баткенде кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл аймагында кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп шектелген 22-25 жаштын тегерегиндеги төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашты.

Кабарларга караганда, алар жергиликтүү тургундардын мүлктөрүн карактап, абакка акча киргизүү максатында талап-тоноп жаткан кезде атайын операциянын алкагында колго түшкөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG