Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Израил Газага урган соккудан эки палестин өлдү


Израиль авиациясы Газа секторунда ХАМАСтын курал жасачу ишканасына сокку урду. 11-октябрда таң азанда урулган авиасокку Израилдин түштүгүнө Газадан атылган эки ракетага жооп болгонун билдирди Израил армиясы.

Газалык доктурлардын айтышынча, чабуулдан палестиналык аял жана анын кичинекей кызы өлгөн. Бул аптада жөөттөр менен мусулмандар арасында Чыгыш Иерусалимдеги ыйык жерлерге кирүү боюнча катуу араздашуулар болду.

Ишемби күнү жөөт полициячы Газа чек арасына чукул жердеги тирешүү кезде палестиналык эки өспүрүмдү атып салды. Андан мурда Иерусалимде жөөттөрдү бычактаган эки палестиналыкты полиция атып салган.

Израилдеги кырдаалга АКШ мамкатчысы Жон Керри “терең тынчсыздануусун” билдирди. Ал, Мамдепартаменттин кабарлашынча, Израил премьер-министри Б. Нетаняхуга жана Палестин автономиясынын президенти М. Абаска телефон чалып, “абалды колдон келишинче тез басууга” чакырды.

XS
SM
MD
LG