Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Иракта ИМдин лидеринин кербенине сокку урулду


Абу Бакр ал-Багдади
Абу Бакр ал-Багдади

Ирактын аба күчтөрү “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин конвоюна Сириянын чек арасына жакын жерде сокку урду.

“Бомба урулган кезде террорист Абу Бакр ал-Багдади Кербала шаарына ИМдин командирлери менен жолугушууга бараткан”,-деп айтылат Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн орток билдирүүсүндө.

Ал-Багдади чабуулдан жапа чеккени белгисиз. Буга чейин да ал-Багдади жарадар кылынганы же өлтүрүлгөнү тууралуу тастыкталбаган билдирүүлөр болгон.

XS
SM
MD
LG