Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Сокулукта заманбап логистикалык борбор бүгүн ачылат


Чүйдүн Сокулук районуна 2700 чарчы метр аймакты ээлеген логистикалык борбордун ачылыш аземи 12-октябрда өтөт. Анда 30 миң тонна жер-жемиш азыктарын сактоого болот. Курулушка 2 миллион доллар каражат сарпталганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Борбордун ачылышына премьер-министр Темир Сариев катышат.

Голландия технологиясы менен Европа стандартында ишке ашырылып жаткан долбоор пилоттук болуп саналат. Ушундай эле борборду өлкөнүн башка аймактарына да куруу пландалууда.

Аларда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө сатылуучу айыл-чарба азыктары сакталат. (КE)

XS
SM
MD
LG