Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Абактан качкандар Жаза аткаруу кызматынын үч өкүлүн өлтүрдү


Жаза аткаруу кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 абактан 9 кылмышкер качып кеткен. Аларды кармоо маалында 3 кызматкер набыт болуп, бирөө жараат алды. Кылмышкерлер түрмөнүн кызматкерлерин муунтуп өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча милицияга маалымат берилип, ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бешөө колго түштү. Эркиндикте жүргөн төртөөнүн экөө өмүр бою эркинен ажыратылган. Алардын баары диний экстремизм, терроризм боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар. Абактан качкандардын көбү Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшуль Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү экени маалымдалууда.

Учурда тиешелүү органдар эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG