Бул жылы облустун аймагында 4 миң гектар пахта айдалып, жыйналып алынды. Өткөн жылы ушул эле аймакта 9 миң гектар ак була эгилген болчу. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Ак алтын" айдоонун кескин кыскаруусу пахтанын арзандап кетүүсүнө байланыштуу. Учурда пахтанын баасы Ошто 40 сомдун тегерегинде. Мындан бир нече жыл мурда анын килограмы 50-50 сомго чейин жеткен учур болгон.
Бийликтер кабарлагандай, эң көп кыскаруу Араван районунда байкалды. Былтыр бул райондо 4500 гектар пахта айдалса, быйыл болгону 1500 гектар эгилген.
Адистер белгилегендей, Кыргызстанда пахта аянттары жалпы 39%га кыскарган. (ErN)