Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

“Нусра Фронт” Орусиянын Сириядагы операцияларына жооп берүүгө чакырды


“Аль-Каида” террордук тобунун Сириядагы “Нусра Фронт” деп аталган бөлүгүнүн башчысы Абу Мохаммед аль-Голани президент Башар Асаддын каршылаштарын колдоп чыккандарга каршы чабуулду күчөтүүгө чакырды. Бул чакырык Орусия аскер күчтөрү суннитерди башаламан өлтүрдү деген негизде, ага жооп катары айтылган.

“Орусиянын аскердик кийлигишүүсү Башар Асаддын бийлигин сактап калууга багытталган, бирок бул ишке ашпай калды”, - деп билдирген “Нусра Фронттун” башчысы тараткан аудио билдирүүдө.

Өткөн аптада Орусия менен Иранга каршы бирүүгө чакырган козголоңчулардын биргелешкен билдирүүсү чыккан болчу.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 28-сентябрда баштаган. АКШ, Түркия жана Араб мамлекеттеринин лигасы Орусиянын соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна багытталбай эле, Асаддын каршылаштарына жасалып жатканын айтып, сынга алып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG