Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Лондон: Эквадор элчилигиндеги полициянын нөөмөтү алынып салынды


Лондон полициясы Эквадор элчилигин күнү-түнү кайтарууга алынып салынганын жарыялады. WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2012-жылы жайында британ баш калаасындагы Эквадордун элчилигине келип жашынган. Элчиликти кайтаруу операциясына күнүгө 12,6 млн. фунт коротулуп келген. Каражатты үнөмдөө жана бул сумманы кылмыштуулук менен күрөшүүгө жумшоо негиздүүрөөк болуп турганын белгилеген полиция, Асанжды камоо операциясынын башка жаңы методу колдонуларын айткан.

Ассанж өзүн Швеция АКШга өткөрүп берип салышы мүмкүн деген чочулоо менен 2012-жылы июндан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашоодо. Айрым маалыматтар боюнча ошол убактан бери аны кайтарууга Лондон бийлиги 25 млн. доллар короткон.

АКШ Ассанжды Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин, өкмөттүк башка мекемелердин жашыруун документтери менен кат алышууларын WikiLeaks сайты аркылуу жарыялап салганы үчүн күнөөлөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG