Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Тегене көмүр кенине аукцион жарыяланды


Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жалал-Абаддагы Тегене көмүр кенин иштетүү укугуна аукцион жарыялады. Кендеги сатууга коюлуп жаткан "Тегене-Карьердик-Чыгыш" участогунун баштапкы наркы 49 476 доллар деп бааланды. Көмүрдүн запасы 2 миллион тоннага жакын.

Тегене кени Аксы районунда, Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.

Лицензия сатуу боюнча аукцион декабрь айында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG