Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Бостериде ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш иш козголо элек

Көлдүн Бостери айылында 5 айлык ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш иш козголо элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, кыз ачкадан чарчап калды деген маалымат азырынча расмий тактала элек.

- Экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга эле, - деди ал.

Усубакунов кыздын энеси Түркияда иштерин, баласын багып берип жаткан аялга акчасын үзбөй төлөп келгенин айтып, андан милицияга арыз түшпөгөнүн кошумчалады.

Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, окуя 5-сентябрда болгон жана соттук-медициналык экспертиза ымыркайдын ашказаны бош экенин көрсөткөн. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG