Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Акын Омор Султановдун 80 жылдыгы белгиленүүдө


Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Мындан көрүүчүлөр акындын китептери, чыгармачылыгын баяндаган сүрөт, макалалар топтому менен тааныша алат.

Акындын 80 жылдык мааракесине арналган салтанат өткөн жумада өзүнүн кичи мекенинде башталган. Бишкектеги улуттук китепканада, Тарых музейинде, жогорку окуу жайларда уланып, ушул аптада Улуттук филармонияда расмий жыйынтыкталат.

Акын, жазуучу, котормочу, кинодраматург жана коомдук ишмер Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айлында төрөлгөн. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, республикалык “Ала-Тоо” адабий журналында эмгек жолун баштаган.

Узак жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрага орун басары, кийинчерээк төрагасы болуп иштеп келди. Алгачкы “Тоо күндөрү” аттуу ыр жыйнагы 1961-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 16 китеби кыргыз тилинде,10дон ашык китеби орус тилинде жарык көргөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG