Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Депутаттардын креслосуна бөлүнүүчү акчаны онкологияга жумшоо сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 кресло сатып алыш үчүн каралган каражатты Кыргызстандагы онкологиялык борборлордогу жабдууну жакшыртууга жумшоо керек. Ушудай талап менен "Рак оорусуна каршы кыймыл" уюму кол топтой баштады.

"Отургуч үчүн 2,6 миллион сом оңой эле табылып калганы онкологиялык илдетке чалдыккандарды дарылоону жакшыртуу үчүн каражат бөлүү да анча кыйынга турбас деп үмүттөнүүгө негиз болууда" деп айтылат кайрылууда.

Демилге көтөргөн жарандык активисттердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда рак менен ооругандарды дарылоого мамлекет бөлгөн каражат керектөөнүн 11% гана жабууда. Улуттук онкология борборунда бир жылда 7 миңден ашуун оорулуу дарыланат. Алардын орточо курагы 35 жаш. (RK)

XS
SM
MD
LG