Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Малайзиялык учак Украинанын чыгышынан “Бук” ракетасы менен атылган


Мындай бүтүм Голландиянын коопсуздук кеңеши он беш айга созулган иликтөөдөн кийин бүгүн жарыялаган баяндамада айтылат.

Голландиялык иликтөөчүлөрдүн тыянагына караганда, ракетанын дүрмөтү учактын кабинасынын сол ыптасына тийген. Малайзиянын “Боинг 777” жүргүнчү учагы былтыр 17-июлда Украина чыгышында кыйраган.

Голландия тараптын буга чейинки баштапкы тыянактарында “учакка сырттан жогорку энергиялуу зат тийгени” көргөзүлгөн.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан учак кулаганда анын бортундагы 298 адамдын баары өлгөн. Кырсык Украина чыгышында айгышкан атышуулар жүрүп жаткан кезде болгон.

Киев жана Батыш өлкөлөрү учакты ракета менен атканы үчүн орусиячыл жикчилдерди айыптаган. Бирок жикчилдер менен Москва күнөөнү кайра Киевдин өзүнө оодарган болчу.

Орусиянын ракета жасоочу мамлекеттик “Алмаз-Антей” ишканасынын башчысы Ян Новиков бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында алардын тыянагы голланд тараптын учакка тийген ракетанын түрү жана атылган жери боюнча бүтүмүнөн айырмаланарын айтып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG