Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

ИИМ: Абактан качкандар Кыргызстандын аймагында


№50 абактан качып чыккандар Кыргызстандын аймагында жүрөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин айрым маалымат каражаттары түрмөдөн качкандарга эл аралык издөө жаряланганын жазышкан. ИИМ азырынча мындай чечим кабыл алына электигин, өлкө аймаганда Чек ара жана Бажы кызматы менен бирдикте издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

11-октябрдан 12сине караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абагынын өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 7 жана тергөөдөгү эки адам үч кызматкерди муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Алардын баары диний экстремизм жана террорчулук үчүн кармалган жана Кыргызстанда тыюу салынган “Жайшуль Махди” экстремисттик тобунун активдүү мүчөлөрү экени айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG