Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Орусияда жаш инспекторлордун таймашында кыргызстандыктар жеңди

Жол эрежелери боюнча жаш инспекторлордун мамлекеттер аралык X сынагында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандык окуучулар командасы биринчиликти алды. Таймашка Бишкектеги №1 гимназия-интернаттын 5-8-класстарынын окуучулары Айгерим Бейшеналы кызы, Ырыскүл Бактыбек кызы, Жакшылык Асанкалы уулу жана Эрбол Аширалиев катышты.

Орусиянын билим берүү министрлиги жана мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан уюштурулган бул сынакка жалпысынан 250 окуучу - 30 команда катышканын №1 гимназия-интернаттын мугалими Болот Качкыналиев кошумчалады. Сынак Краснодар чөлкөмүнүн Анапа шаарында өткөн. (LzT)

XS
SM
MD
LG