Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Укук коргоочу президенттин кечирим сурашын талап кылууда


Укук коргоочу, белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, кечирим суроону талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" кабарлап, мамлекет башчы жарандарды биометрикалык каттоого мажбурлоо мыйзамсыз экенин айтып чыккандарды "кимдир бирөөнүн заказын аткарып жатат" деп айыпташы туура эмес деген пикирин айтты:

- Биринчиден, президент маданияттуу сүйлөш керек, бирок, биз көрүп жаткандай, кээде андай болбой жатат. Экинчиден, биометрикага каршы чыккандарды жамандап ал пикири ар башка эки топту бири-бири менен кагылыштырууда. Муну көргөндөр баары мурункудай боло баштаптыр деп ойлойт да. Мен элге эскертким келет: мурункудай болбойт.

Токтакунов эгер президент кечирим сурабаса сотко кайрыларын, "2010-жылдын апрель окуясы алдында ошол кездеги оппозицияны эч кимдин заказы жок эле коргогонун" кошумчалады.

Кыргызстан бийлиги өлкөдө шайлоо өнөктүктөрүнүн тазалыгын камсыз кылуу үчүн биометрикалык каттоо киргизилгенин айтып келет. Бирок адамдарды биометрикалык маалыматын мажбурлап тапшыртуу Конституцияга каршы келерин бир топ укук коргоочулар билдирип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG