Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Күч кызматкерлери террорчуларды издеп Ботаникалык бакты тинтүүдө


Ушу тапта Бишкектин Көк-Жар айылы менен чектеш жеринде жайгашкан Ботаникалык бактын ичинде террорчуларды издөө операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй милициясынан кабарлашты. Милициянын атайын отрядынын кызматкерлери анын ичин тинтип жатышат. Бирок бул террорчулар ошол жакта жашынып отурат деп так айтууга негиз эмес дешти ички иштер органынын өкүлдөрү.

12-октябрга караган түнү №50 түрмөдөн террорчулук жана диний экстремизм үчүн соттолгон 9 адам качып кеткен. Анын бешөө кармалып, төртөө азырынча табыла элек.

Издөөдөгүлөрдүн бири Эдил Абдрахманов Көк-Жар айылында туулуп өскөн. (RK)

XS
SM
MD
LG