Асылбек Жээнбеков депутаттарга кресло сатып алуу боюнча тендерди токтотту. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына бүгүн жарыяланды.
Маалыматка караганда, бул чечим кечээ, 13-октябрда кабыл алынды, "Тендер төраганын макулдугусуз жарыяланган, ал кезде Асылбек Жээнбеков шайлоо өнөктөгүнө катышып жүргөн", деп билдирди маалымат кызматы.
8-октябрда Мамлекеттик сатып алуу кызматынын интернет баракчасында Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 120 кресло сатып алууга тендер жарыялагандыгы боюнча маалымат пайда болгон. Ага парламент 2,6 млн. сом жумшамак. Бирок кечээ Иш башкармалыктын жетекчиси Алмаз Кожомкулов тендер тууралуу буйрук бербегенин айтып чыкты.
Кресло сатып алуу демилгеси коомчулуктун кескин сынына кабылып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган, жарандык коом өкүлдөрү 120 креслого жумшалчу каражатты айыкпас дартка чалдыккандарга көмөк көрсөтүүгө жумшоо демилгесин көтөрүп чыгышкан. (JM/RK)