Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

БШК: Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн-эртең жарыяланат


Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн-эртең жарыяланып калат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча акыркы жыйынтык добуш берүүдөн кийин 20 күн ичинде, башкача айтканда, 23-октябрга чейин жарыяланышы керек.

- Айрым участоктордо добуштарды кайра саноо тууралуу арыздар келип түшкөнүнө байланыштуу ушундай техникалык себептерден улам расмий жыйынтык чыга элек. Ошолорду бир сыйра эсептеп бүтсөк бүгүн кечке, болбосо эртең жарыялайбыз, буюрса, - деди Акматов.

Ал эми жаңы депутаттардын тизмеси шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 3 күн ичинде белгилүү болот дейт БШК мүчөсү:

- Тизмени жарыялап, кызматтагыларга жумушуңарды бошоткула деп айтабыз. Үч күндө алар буйруктарын алып келгенден кийин, төртүнчү күнү каттап, төш белгисин тагабыз.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 14 партия ат салышып, алтоо утуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG