Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Хиллари Клинтон: АКШ Путиндин аракеттерине жооп кайтарышы абзел


Демократиялык партиядан президенттике чыккан беш талапкер
Демократиялык партиядан президенттике чыккан беш талапкер

Шейшемби күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн Демократиялык партиянын алгачкы ички дебатында президенттике ат салышкан беш талапкер Орусиянын Сирия жана Украинадагы жаңжалдарга кийлигишүүсүнө Кошмо Штаттар чечкиндүү каршылык көрсөтүшү абзел экендигин билдиришти.

“Биз анын коркутуп-үркүткөнүнө, өзгөчө Сириядагы аскердик аракеттерине чечкиндүү жооп кайтарышыбыз керек. Кошмо Штаттар Орусиянын Сирияда башаламандык жаратып, Асаддын атынан элдерди жок кылып жатканы мүмкүн эмес экенин көргөзүшү абзел, -деп билдирди Хиллари Клинтон. Талапкер Вашингтон активдүү лидерлик позицияга өтүшү керектигин белгиледи.

Дагы бир талапкер, сенатор Берни Сэндерстин айтуусунда, Владимир Путин Крымды басып алып, Украинанын ички жашоосуна кийлигишкени үчүн азыртадан эле кейип жатат. Сендерстин ырасташынча, Путиндин Сириядагы өзүмчүлдүгү - өз аброюн сактап калуу аракети.

Ошону менен катар беш демократтын бирөөсү да Орусияны АКШнын башкы коркунучтарынын катарына кошкон жок. Бул тизмеге Кытай, глобалдык сел каптоо жана киберчабуулдар кирет.

XS
SM
MD
LG