15-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус болот.