Ушу тапта Бишкек шаарынын Көк-Жар айылы менен чектеш жеринде жайгашкан Ботаникалык бакта уланып жаткан террорчуларды издөө операциясын ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектөөдө. Милициянын атайын ыкчам отрядынын ишин командири Таалайбек Дегенбаев башкарып жатат.
12-октябрда Чүйдөгү №50 түрмөдөн терроризм жана диний экстремизм үчүн соттолгон 9 адам качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, төртөөнүн дайыны табылбай келатат. Бүгүн милицияга Ботаникалык бакта ошолордун бирөөнө окшош киши жүргөнү тууралуу маалымат түшүп, ушу тапта ал жакта тинтүү жүрүп жатат. (UEz/RK)