Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Республикалык спартакиадада Бишкек биринчи орунга чыкты

Жалал-Абадда республикалык спартакиада жыйынтыкталды. Облустун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында жана Токтогул шаарчасында алты күн бою өткөрүлгөн 7-республикалык спартакиада бүгүн жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенбек Бакиров  билдирди. 

Мелдештердин жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаары, экинчини Жалал-Абад облусу ээлесе, 3-орунду Чүй менен Ош облустарынын спортчулары алышты.

Өкмөт байге фондуна 1 млн сом бөлгөн. Мелдешке 2000ге чукул спортчу катышты. Алар спорттун 13 түрү боюнча өлкө биринчилиги үчүн ат салышты.

4 жылда бир өтүүчү спартакиада кийинки жолу Бишкек шаарында өтөт.  (RsK)

XS
SM
MD
LG