Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди. Ага ылайык, Европа стандартындагы дөңгөлөктүү үкөктөр алынганы жатат жана негизинен шаардын борборуна коюлмакчы.
“Тазалыктын” таштанды тазалай турган 44 унаасы бар. Ишкананын жетекчилиги бул жетишсиз экенин, дагы ушунча унаа керектигин билдирген.
Шаарда таштанды үкөктөрү да тартыш, азыр колдонулуп жаткан үкөктөрдүн басымдуу бөлүгү эскирип бүткөн. (EBM)