Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Окуучулардын жол коопсуздугуна арналган социалдык акция өтүүдө


«Жол коопсуздугу» коомдук уюму Кыргызстандагы окуучулардын жол коопсуздугун камсыз кылууга арналган акция өткөрүүдө. Анын алкагында атайын социалдык видео ролик тартылып, интернет аркылуу жайылтыла баштады. Анда окуучулар мектепке барып-келүүдө жолдо катуу айдагандардан коркуп, таштанды, бейтааныш короолор, базарларды аралап өтүүгө мажбур болуп жатканы көрсөтүлөт.

7-октябрда Мектепке барып-келүүнүн коопсуздугуна арналган эл аралык күн белгиленген.

Кыргызстанда, укук коргоочулардын айтымында, жол кырсыгынан набыт болгон балдардын саны өсүүдө.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында, расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда балдар кабылган 457 жол кырсыгы катталган, 512 бала жараат алып, 25и мерт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG