Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Өкмөт премьер-министрдин кортежине байланыштуу түшүндүрмө берди


Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Темир Сариевдин кортежи эки машинеден турарын, биринчисинде өкмөт башчы өзү жана Мамлекеттик күзөт кызматы коштоп жүрөрүн билдирди.

Буга чейин серепчи Бакыт Бакетаев Бишкекте өткөн тегерек үстөл талкууда Сариевдин ыңкылаптарда эл алдында жүргөнүн, бирок азыр ага жакын жолоо мүмкүн эместигин айткан. Бакетаевдин "өкмөт башчыга мынча көп күзөтчүнүн эмне кереги бар?" деп таң калганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, премьер-министр Темир Сариев аймактарга өкмөт мүчөлөрү менен чыкканда коштоп жүргөн машинелердин санын чектеп, автобус жана кичи автобустар менен жүрүүгө аракет кыларын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG