Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. МАИ кызматкерлери жолдо унааларды тинтүүдө «Деу Калос» үлгүсүндөгү машинадан ок атуучу курал табылды. Анын ээси 39 жаштагы жаран ИЖ-16 үлгүсүндөгү мылтыкты мыйзамсыз алып жүргөнү жана өзү мурда үч жолу соттолгону аныкталды.
Курал менен кошо кара баштыкка салынган бир нече ок-дары чыкты. Кармалган жаран убактылуу жайга киргизилип, иликтөө башталды.
12-октябрда Чүйдөгү №50 абак жайдан үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качкан кылмышкерлер тобун издөөгө байланыштуу Ошто да күч кызматтары жолдо унааларды тыкыр текшерүүгө алууда. (ErN)