Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

Ош: "Түбөлүк оттун" жанында үйлөнүү үлпөтүн белгилөөгө тыюу салынды


Ошто "Түбөлүк оттун" жанында үйлөнүү үлпөтүн белгилөөгө тыюу салынды
Ошто "Түбөлүк оттун" жанында үйлөнүү үлпөтүн белгилөөгө тыюу салынды

Бүгүн, 15-октябрдан тарта Ош шаарындагы "Түбөлүк от" турган эскерүү аянтына «кирүүгө болбойт» деген жарыя илинди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди. Мындан ары түбөлүк от турган жерде спирт ичимдиктерин ичип, ырдап-бийлеп көңүл ачууга болбойт. Ошол эле учурда гүл менен келип, согуш курмандыктарын эскерип кетүүгө тыюу салынбайт.

Мындай демилгени мэриянын Укук коргоо бөлүмү менен шаардык милиция көтөрүп чыккан. Ага соңку күндөрү үйлөнүү үлпөткө чыккандардын түбөлүк оттун жанында ызы-чуу салган учурлары көбөйгөнү негиз болгон.

Бирок шаардык бийликтин буга чейинки ушундай тыюу-чектөө аракеттеринен майнап чыккан эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG