Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Дүйнөлүк банк адистери Нарында үй-бүлөлүк бюджетти туура түзүүнү үйрөтүүдө


Дүйнөлүк банктын адистери жана кичи каржы бирикменин кеңешчилери Нарын шаарында кеңеш берүү чатырларын ачты. "Менин түшүмүм, менин байлыгым" аттуу долбоор боюнча келген адистер Нарын шаарында 6 күнгө - 20-октябрга чейин болот.

- Негизги максат - Нарын элине каржы маалымат берүү, үй-бүлөлүк бюджетти туура түзүүгө үйрөтүү,- дейт кеңешчи Дамир Асанбек уулу.

Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда насыя алгандардын саны Нарын облусунда көп. Айрымдары бир эле учурда бир нече жерден алгандыктан карызды кайтара албай убара.

Ушундай эле миссия менен Дүйнөлүк банк өкүлдөрү республиканын башка аймактарын да кыдырмакчы. (MiK)

XS
SM
MD
LG