Дүйнөлүк банкка мүчө өлкөлөр Сирияга чектеш жайгашкан мамлекеттерге качкындарды тосуп алып, аларга жата турган жер, азык-түлүк бергени үчүн компенсация төлөө маселеси бүгүн Женевада талкууланат.
Дүйнөлүк банк президентинин ага кеңешчиси Колин Брюстун айтуусунда, Иордания, Ливан жана Түркия үчүн качкындарды камсыздоо чыгымы ички дүң өнүмдүн 1,1% дан 1,4 % барабар болду.
“Бул өлкөлөрдүн көбү үчүн качкындарды багуу оңойго турган жок. Ошондуктан компенсация төлөп берүү маселесин караганы жатабыз”, - деп айтты Колин Брюс.