Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Нарымбаевдин сотунда Иманалиеванын жардамчысынын Түлеевдер менен байланышы текшерилет


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев боюнча соттук териштирүүдө Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Элмира Иманалиеваны күбө катары суракка алуу өтүнүчүн бүгүн сот жарым-жартылай канааттандырды. Мындай өтүнүчтү Нарымбаевдин жактоочулары келтирген болчу. Сотто айтылгандай, Түлеевдин кызын Ак үйгө Иманалиеванын жардамчысы Ольга Плотникова киргизген. Эми алардын байланышы УКМКнын 9-башкармалыгы аркылуу текшерилмей болду.

Кийинки сот отуруму 19-октябрга белгиленди.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG