Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Ошто балдардын нерв оорулары 15% көбөйдү


Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Абдисамин Анарбаев “Азаттыкка” билдирди. Аталган бейтапканага өткөн бир жылда 600гө жакын бала кайрылса, быйыл 9 ай ичиндеэле 700 ашык наристе дарыланып чыкты. Алардын дээрлик көпчүлүгү нерв оорууларынан жабыр тарткандар.

Өспүрүмдөр негизинен балдардын церебралдык параличи, мээни суу каптоо жана тубаса неврит оорулары менен оорушат. Бул өзгөчө беш жашка чейинки бөбөктөр арасында арбын.

Анарбаев белгилегендей, төрөт учурунда же эненин курсагындагы кезинде кыйналып калгандыгынан наристелер көбүрөөк нерв дартына чалдыгат. (ErN)

XS
SM
MD
LG