Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

ИИМ Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон жарандын сүрөтүн териштирет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Ал бул сүрөт тууралуу маалыматтары бар экенин, аны текшерип чыккан соң кеңири маалымат берилерин кошумчалады.

15-октябрда Алмамбет Анапияевдин өлүмүнүн күбөсү Гүлжигит Абилазизов Москвадагы «Домодедово» аэропортунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчилери Мирлан Каниметов жана Таалайбек Мамбетакуновго окшош адамдар менен турган сүрөтү Facebook социалдык тармагына жарыяланган. Руслан Каралаев деген ат менен катталган колдонуучунун жазганына караганда, скриншоттор «Домодедово» аэропортундагы видеокөзөмөл камераларынан алынган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Абилазизов өзү келип Анапияевдин өлүмү боюнча көрсөтмө бергенин, өзүн коргоп берүүсүн өтүнгөнүн билдирген болчу. Министрликтин расмий тараткан маалыматына караганда, ал бул кылмышты Жаныш Бакиев жансакчылары менен бирге уюштурганын айткан.

Абилазизовду милиция жетекчилери 22-февралда коштоп келгени мурда эле айтылган, бирок Ички иштер министрлиги муну төгүндөп келген.

Алмамбет Анапияев 2011-жылы "адам уурдоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча сыртынан айыпталып, ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Быйыл 18-февралда анын сөөгү Минскиде табылган. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG