Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

“Республика-Ата-Журт” партиясынын тарапкерлери БШКнын алдына чыгышты


Аталган партиянын тизмеси менен парламентке ат салышкан талапкер Кантемир Мурзабеков партия жетекчилиги алардын эркинен тыш чечим кабыл алганын “Азаттыкка” билдирди:

- Биз “депутат болбойбуз” деп, арызыбызды жазган эмеспиз. Ошого карабай, бизди БШК тизмеден алып салды.

Нааразылык өтүп жаткан партиялаштарын “Республика-Ата-Журт” партиясынын дагы бир мүчөсү Мирлан Жээнчороев “өзүбүзчө чечишип алалы, штабга жүргүлө” деп чакырганынан майнап чыккан жок, алар маселени БШК чечүүсүн талап кылышууда. Жээнчороев “Азаттыкка” нааразы болгон талапкерлер “депутаттыктан баш тартары” тууралуу арыз жазышканын билдирип, алардын артында көкүткөн күчтөр бар деп айтты.

15-октябрь күнү парламенттик шайлоодо утуп чыккан алты партия БШКга такталган тизмесин тапшырган. “Республика-Ата-Журт" партиясы 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган. Шайлоодо алган добушуна жараша аталган партияга Жогорку Кеңеште 28 мандат тийди.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG