Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Быйыл ата-энесиз калган 527 бала асыроого берилген


Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Ага ылайык, жыл башынан бери 2 миң 289 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилди, 254 бала мектепке кайтарылды. Ата-энесиз калган 816 бала жакын туугандарынын кароосуна берилди, дагы 65 бала үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнө бөлүндү.

Социалдык кызматкерлердин аракети менен 82 бала биологиялык ата-энелерине кайтарылып берилди.

Ички жана тышкы миграциянын айынан Кыргызстанда кароосуз калган балдар көйгөйү күч алууда. Акыркы убактарда ата-энелери чет мамлекеттерде миграцияда жүргөн балдардын укуктары жакын туугандары тарабынан тебеленген учурлар көп катталууда.

Кыргызстанда элдин 38% балдар түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG