Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Молдованын мурдагы өкмөт башчысы Филат паракор катары камакка алынды


Мурдакы премьер-министр жана ЛДПнын төрагасы Владимир Филат парламенттин жыйынында отурат. Кишинев, 15-октябрь 2015
Мурдакы премьер-министр жана ЛДПнын төрагасы Владимир Филат парламенттин жыйынында отурат. Кишинев, 15-октябрь 2015

15-октябрда улуттук парламент Филатты депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан. Андан көп өтпөй эле жергиликтүү телеканаладар полиция Влад Филаттын колуна кишен салып, машинеге алып бараткан видеотасманы көрсөтүштү.

Филат өлкөнүн банктарынан уурдалды делген 1 миллиард долларга жакын акчага катышы бар деп шектелүүдө.

Либерал-демократтык партиянын лидери Влад Филат - Молдова парламентиндеги европачыл коалициянын төрагасы. Прокурор Корнелий Гуриндин сөзүнө караганда, Филат аты аталбаган бизнесменден 250 миллион доллар пара алып, өлкөнүн үч банкынын биринен акча алууга кыйыр тиешеси бардыгы аныкталган.

Анын кесепетинен 2014-жылдын ноябрындагы парламенттик шайлоо алдында банктан 1, 5 миллиард долларга жакын акча жоголгон.

Экс-премьердин “жүз миллиондогон еврону кымырып алганы тууралуу ишенимдүү далилдер" бардыгын Гурин депутаттар алдында ырастады.

XS
SM
MD
LG