Бул мезгилдеги аба ырайы туруксуз болот, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын болушу ыктымал. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15
17-октябрда Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түндө 4…6°, күндүзү 8…10° жылуу болот.